www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Ысык-Көлгө губернатору Балбай Түлөбаев Ысык-Көлдүк туугандарына Кайрылуу жасады.

Урматтуу Калайык!

Ысык Көлдүк туугандарым. Боордошторум! Сиздерге терең таазим. Кыйын, кыйчалышта жанымда болдуңар, ишендиңер. Адилетүү, чын, таза иштеген ниети түз адамдарды кандай колдош керек экендигин бүтүн элге көргөздүңөр. Ыраазымын! Силер да мага ыраазы болгула. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчыбыз мага Бишкек шаарыны башчысы Мэрлик жумуш сунуштады. Ушул татаал убакта ага жардам берип, колуман келишинче таза, түз, кынтыксыз иштеп берейин. Бул убактылуу жумуш шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосу болгондон кийин жаңы Мэр шайланат. Мен өлкөнүн, мамлекеттин кызматындамын. Качпайм. Ар дайым абийрим, ички сезим, эс тутумум менен элдин пикирин эске алып иштеп келдим. Эч качан макамга, даражага умтулган, чуркаган эмесмин. Берилген кызматты аркалап келдим. Туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Тагдырыбызга оор жүк, чоң сыноо түшүп турат. Жалгыз тилек, ниет бул журтка, элге кызмат.

Көлүбүздөгү жумуштар уланат. Баарын пландап кагазга түшүрүп аны каржы булактары менен бекемдеп, баштап койгонбуз. Бүт берилген убадалар аткарылат деген ойдомун. Алдыдагы 3 жылга чейин аткарыла турган 10 кадам аттуу иш планы даяр. Садыр Нургожоевичке колуман келишинче, билимим жетишинче жардам берем. Элибиз туура түшүнөт деген ойдомун. Ысык Көлдүн элинен билбей калып таарынтсам кечирим сурайм. Жалпы журтубуз, элибиз аман болсун, - деп билдирди Балбак Түлөбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости