www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз кичи автобустардагы жол киренин баасын көтөрүүгө даярбыз. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 18-январда билдирди.
Түлөбаевдин айтымында, апрель айына чейин жетишишсе бул маселе шаардык кеңеште каралат.
«Айдоочулар жол киренин наркын бүгүн көтөрүп бергиле деп жатат. Андай болбойт. Ал үчүн мыйзам бар. Тарифти 2-3 сомго көтөрүү үчүн Экономика министрлигине кат жазыш керек. 2-3 сомго көтөрсөк элге тийгизген таасири кандай болот, алар бизге жазып беришет. Андан кийин бул маселени шаардык кеңешке киргизебиз.
Жетишпей калсак, шайлоодон кийин. Май айынан баштап элге дагы оор болбошу үчүн акырындан 2-3 сомго же 5 сомго көтөрөбүз. Жылдын соңуна чейин 15 сом кылып берели», - деди Түлөбаев.
Булак: NazarNews.kg