www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу (57 кг) Париждеги Олимпиада оюндарында шишиген тизеси менен күрөшкөн. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.

Бекзат Алмаз уулу Парижге келгенде тизеси шишип кеткен. Тахир Гафуровдун пикири боюнча, спортчунун организимине Бишкектен бир инфекция кирип кетип, Парижге баргандан кийин климат алмашканынан улам ал өтүшүп кеткен болушу мүмкүн.

Машыктыруучуларда мелдешке башка балбанды чыгарууга убактысы болбогондуктан, беттешке Бекзат Алмаз уулу чыккан. Дарыгерлер бир нече күн бою күнүнө эки маал антибиотик сайып, тизесиндеги суюктукту сордуруп чыгарып турушкан. Анын айынан беттешке чыгарда спортчунун иммунитети түшүп кетип, организми алсырап калган. Ага карабай балбан жигит үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн беттешке чыгып жатканда, дээрлик күчү калбай калган. Жыйынтыгында ал Париждеги Олимпиада 5-орунду алды.

Последние новости