www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбан Кутман Калбаев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Кутман Калбаев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмак категориясында катышууда. 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын Саркис Арутюнянды 13:3 эсебинде, 1/4 финалдык беттеште грузиялык Юрий Чапидзени 7:2 эсебинде жеңди.

Жарым финалдык беттеште ирандык Аболфази Карамегаиди 8:7 эсебинде утуп финалга чыкты.

Эми ал чечүүчү беттеште азербайжандык Туран Дашдамиров менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат. Ага 17 жашка чейинки спортчулар катышууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости