www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбан Өмүрбек Асан уулу дүйнө чемпиону болду не

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулуИорданиянын Амман шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болду.

Балбан 60 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште япониянын балбаны Итсуки Йонаширону 6:4 эсебинде утту.

Чейрек финалдык беттеште украинанын балбаны Иван Залискону 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште америкалык Джордин П. Ранейди 12:6 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште азербайжандын балбаны Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону болду.

Ошондой эле 51 кг чейинки салмак категориясында Марлен Абдраимов коло медалга ээ болду.

Ошентип, Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама жалпы командалык эсепте 104 упай топтоп, үчүнчү орунду ээледи. Мында 152 упай менен Америка биринчи, ал эми экинчи орунду 132 упай менен Иран ээледи.

Последние новости