www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адатта балдар үч жаштан жети жашка чейин Аяз атага ишенишет жана бул ишеним мектепке барарда бала бакча менен кошо артта калат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде педагогикалык психолог Любовь Григорович айтты.

"Аяз ата балдарды тарбиялоодо жакшы жардамчы боло алат. Эң негизгиси, Аяз ата бар же жок деген ишенимди эч качан балага таңуулабаш керек. Убагы келгенде ал чындыгында жок экенин бала өзү билип алат. Ал эми ата-энесинен тактоо иретинде гана сурап коюшу мүмкүн. Баланын мектеп курагына чейин эле ага ишенбей калышы психологиялык жактан алганда кадыресе көрүнүш", — деди Григорович.

Адис кандай болгон күндө дагы Аяз ата адамдарга психологиялык жактан жакшы таасир этерин айтат. Анткени ал балалыкты, жагымдуу белектерди эске салып, кайсы гана куракта болбосун кишиге позитив тартуулайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости