www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдар үйүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрү милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен ооруканалардан акысыз дарылана алышат. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эскертти.

Ведомство стационарларда кызматтарды акысыз алуу укугу аталган категориядагы 23 жашка чейинки жарандарга берилерин белгиледи.

"Ооруканаларда акысыз дарылануу үчүн өзү катталган бейтапканага барып үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылышы шарт. Эгер оорунун белгилери аныкталса дарыгер ооруканага жатууга багыттама жазып берет. Мындан сырткары, бейтап багыттама боюнча анализдерди да бекер тапшырат (жалпы анализдер: кан, заара, В гепатити, сифилис, ВИЧти аныктоого) жана ЭКГ изилдөөсүнөн өтүүгө да акы алынбайт. Флюорография жана көкүрөктү рентгенге тартуу акысынын 50 пайызын төлөшөт", — деп айтылат маалыматта.

Үй-бүлөлүк дарыгердин багыттамасы болбогон учурда бардык лабораториялык анализдер прейскурант боюнча төлөнөт.

Суроолор жаралса ММК фондунун күнү-түнү иштеген (дем алыш күнүнөн сырткары) 113 түз байланыш номери аркылуу кайрылууга болот. Чалуу акысыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости