www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чарадагы чуулгандуу окуя боюнча жыйынтык чыгарып, бир катар кызматкерлерге жаза чараларын колдонду.
Расмий маалыматка ылайык, 1-июнда Ала-Тоо аянтында өткөн майрамда балдардын иш-чарасына ылайык келбеген музыкалык чыгармалар жаңырып кеткен. Бул окуядан кийин кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилди. Ал эми башкармалыктын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматынан алынды.
Бирок эң катуу чара иш-чарада диджей болуп чыккан жаш катышуучуга карата көрүлдү. Ал буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылып, мыйзам чегинде кошумча жоопкерчиликке тартылары жарыяланды. Ошондой эле анын музыкалык программасына жооптуу делген педагогду жумуштан алуу тапшырмасы берилди.
Бул чечим коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдар мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаранын уюштурулушуна жооптуу жетекчилер салыштырмалуу жеңил жаза менен кутулуп, негизги сокку жаш катышуучуга жана анын мугалимине урулду деп эсептешет.
Негизи, мамлекеттик иш-чарадагы көзөмөлдүн начардыгы үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте уюштуруучуларга жана чечим кабыл алган жетекчилерге жүктөлүшү керек эле. Анткени музыкалык материал эфирге же аянттагы үн жабдууларына чыкканга чейин бир нече көзөмөл баскычынан өтөт. Демек, жаза адилет болуш керек.