www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кекечтиктен жапа чеккен, тили чыкпаган, өз оюн жеткире албаган балдардын жакшы сүйлөп кетишине себеп болгон, кулагы укпаган бөбөктөрдүн үн чыгарышына чоң салым кошкон, кыргызча да, орусча да сүйлөгөндү үйрөткөн “Логофея” балдарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Гүлдана Артуровна Шабданова менен сүйлөштүк.

-Гульдана Артуровна, эмнеге азыр тили чыкпаган балдар көбөйүп кетти? 

-Балдардын тили чыкпай жатканын себептери өтө көп. Маселен, көптөр баланын тилин чыгарууга түйүлдүк кезден кам көрүү керек. Тагыраагы, баланын өз учурунда сүйлөшү эненин кош бойлуу мезгилиндеги абалына көз каранды. 

Баламдын акыл-эси жайында болсун десе, эне кош бойлуу экенин сезер замат каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө болуп, курсактагы балдардын патологиясын аныктаган тийиштүү текшерүүлөрдүн баарынан өтүп, бат-бат анализ тапшырып турушу керек. Ошондой эле кан басымын, гемоглобинин да текшертип турушу шарт. Анткени, баланын тили чыкпай жатканына эненин кош бойлуу мезгилинде кан басымы жогору болгону, бөйрөктөгү өнөкөт ооруусу, канындагы гемоглобиндин жетишсиздиги да таасирин тийгизет. Кандын айлануусу менен баланын мээсине кислород жетет. Ошон үчүн энелер боюнда барда гемоглобини аз болсо, нормага жеткирүүгө, врачтардын ич деген дарысын ичип, ден соолугун чыңдоого аракет кылышы шарт.

Ошондой эле кош бойлуу аял стресс, депрессия болбогонго да аракет кылышы керек. Себеби, стресс, депрессия дагы кош бойлуу аялдын курсагындагы балага терс таасирин тийгизип коёт. Аял кош бойлуу мезгилинде антибиотик ичкенден да сак болушу керек. Себеби, антибиотик баланын акыл-эсинин өрчүшүнө жана сүйлөбөй калышына да таасирин тийгизиши толук мүмкүн. Ошон үчүн боюнда бар аял баарын көзөмөлдөп, химикаттардан, ичимдиктен алыс болуп, сигерет чегип жүргөн болсо, аны токтотуп турушу керек. 

Балдардын сүйлөбөй калышы акушер-гнекологдордун төрөттү кабыл алуусуна да байланыштуу болот. Эгер кандайдыр бир кокустук же калпыстык болуп калса да, бала туулар замат же төрөлүп жатканда трамва алып калат. Ошон үчүн биринчи жолу төрөп жаткан энелер алдын ала төрөт тууралуу маалымат алып , врачтын айтканын угуп, төрөт учурунда туура дем алууну үйрөнүшү керек. Төрөп жаткан учурда кыйналып, тырышып, дем албай койсо, балага кислород жетпей калат. Жыйынтыгында, бала көк ала болуп төрөлүп, опурталдуу жагдайларга кабылып калышы мүмкүн.

Көбүнчө айыл жеринде баланын билирубини жогору болсо да, анализ тапшыртпай эле күнгө чыгарып кой деп үйүнө чыгарып салган учурлар болот экен. Билирубинди өз убагында текшерип, дарылап деңгээлин төмөндөтүп, лампага жаткырбаса, организмде интоксикация болуп балдардын ДЦП болушуна шарт түзүп коёт. Ошон үчүн ар бир нерсеге маани берүү зарыл.

Кээде тукум куучулук ооруулар да баланын кеч сүйлөшүнө себеп болот.

Бирок, кандай гана көйгөй, кандай гана диагноздор болбосун өз убагында дарыланып, коррекциялык жумуштарды баштоо маанилүү. Ушундай болуп калды деп багынып бербей, күрөшүш керек. Күрөшсөң, аракет кылсаң жакшы жыйынтык алып, керек болсо кадимки балдар менен тең ойлонуп, тең сүйлөп кала турган абалга жеткирсе болот. Ошон үчүн кандайдыр бир жагдай жаралса, ата-эне аракетин токтотпой, ал нерсени жеңүүгө болгон күчүн жумшаса сөзсүз жакшы жыйынтык болот.

-Акыл-эси жайында болсо да, тили кечигип жаткандар көп экен. Бул нерсе бала-чакабыздан бери телефон, компьютерге берилип кеткенибиздин кесепетинен болуп жатабы?

-Мен телефонду жаман деп айталбайм. Телефондон бала пайдалуу нерселерди коруп өнүксө болот. Болгону, аз гана убакытка бериш керек. Эртеден кечке англисче же кытайча мультик көрө берсе сөзсүз маселе жаралат. Ошон үчүн телефонду ченелүү гана убакытка бергенди адатка айлантсаң анчалык деле зыяны болбойт. 

Ошондой эле ата-эне баланын тили чыгып жаткан мезгилде көңүл кош мамиле кылбашы керек. Мисалы, бир жашта бала ата, апа, суу, нана, тата деген сыяктуу сөздөрдү айта баштайт. Ошол учурда бала менен сүйлөшүп, бер , кел, ал деген сөздөрдү айта берсе, баланын аң сезими өсүп, сөз байлыгы көбөйө баштайт. Айтайын дегеним, бала тили чыгып баштаганда эмнени уккан, көргөн болсо, ошол сөздөрдү айтат. Менин балам кичинекей дебей сүйлөй бериш керек. Эне бала менен боюңда болгон учурдан баштап, чоң киши менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө берсе жакшы натыйжасын берет. Маселен, айымдар кош бойлуу кезинде деле же андан кийин деле азыр биз тамак жейбиз. Сага бул каша жактыбы? Бул кашанын курамында банан, бал бар экен деп сүйлөшө берсе, бала кашанын даамын сезип, апасынын сөзүн кайталаса тез эле сүйлөп кетет. 

Ата-эне баласы менен бир жаштан баштап ойноп, жаңы алып келген оюнчуктарын минтип ойнойсуң деп түшүндүрүшү керек. Бала физикалык жактан өсүп баштаганда алгач башын көтөрөт, га-гу деген үндөрдү чыгара баштайт. Анан отурат, жөргөлөйт, томолонот. Бала отуруп калган мезгилде столдун үстүндөгү нерселерге кызыгып баштайт. Бала басып баштаганда дагы андан да көбүрөөк нерселерди көрүп баштайт. Колуна алган нерсени оозуна салат изилдейт, катуубу, жумшакпы деп көрөт. 

-Бала 3-4 жашында да дагы сүйлөбөсө адистерге көрсөтүш керекпи же атасы мынча жашында, апасы анча жашында сүйлөгөн экен деп күтүп жүрө бериш керекпи?

 -Дени карды соо, акыл-эси данектей балдарга кыска сөздөрдү айтып, үйрөтө турган мезгилде маани бербей ата-энеси сүйлөшпөй телефон карматып коё берсе, өзү теңдүү балдар менен ойносо белгилүү убакыттан кийин баланын тили өзү эле чыгып кетиши мүмкүн. Бирок, сүйлөбөй жүргөн балдардын баарын андай үмүт менен күтө берген болбойт. Ата-эне ар кимдин сөзүнө кирип, убакытты уттурбашы керек. Бир жашында кыска сөздөрдү айтпай, эки жашында отур, бас, тур деген сөздөрдү түшүнбөсө, бир нерсе айтсаң көзүңдү карабаса, невропатологго көрүнүп, кулак, көзүн текшерип , башын тарттырып, тийиштүү адистерге кайрылышы керек. Убакытты уттурбай коррекциялык жумуштарды канчалык эрте баштасаң, ошончолук бала үчүн пайдалуу болот.  

Бирок, кээ бир невропатологдор 4 жашка чейинки балдарды “кадимки балдардай отуруп, басып жатпайбы, сүйлөп кетет” деп коюшат. Невропатологдун сүйлөп кетет дегенине ишенип, 2-3 же 5 ай күтүп, жылыш болбосо, адистерге кайрылыш керек. Тилекке каршы, бизге ата-энелер баласы 5-6 жаш болуп калганда келет. Баланын кулагы укпайт же болбосо бир кулагы 30 пайыз эл угаарын билип өкүнүшөт. Кулагы укпасын кичинесинде эле аныкталса, операция жасатып, угуу аппаратын өз учурунда тагылса, айлана-чөйрөнү да таанып, сөздөрдү угуп аң-сезими өсө баштайт. Ошон үчүн баласынын тили кечигип жаткандар жакшы невропатологго барышы керек. Бир эмес, 2-3 невропатологго барып, алар берген дары-дармекти ичүүсү керек.

-Невропатологдор берген дарынын баары эле оң жыйынтыгын береби?

-Беш кол тең эмес. Жакшы дарылаган да невропатологдор бар. Ошондой эле бала менен жөндөп сүйлөшпөй эле, анын абалын жакшылап карап көрбөй эле апасына эки суроо берип, балага очойгон дарыны жазып койгондор да бар. Дарынын бир жерге пайдасы болсо, экинчи жерди талкалаган да учурлары болот. Ошон үчүн дары десе эле бере бербей дозасынан ашырбай, диагнозду так койгондон кийин ичириш керек. Ошондой эле сүйлөбөй жаткан баланы уруп, коркутуп катуу мамиле кылбаш керек. 

-Лор врачтан, окулистен текшерилүүнүн тили чыкпаган балага кандай тиешеси бар?

-Лор врачка окулистке көрүнүүнүн мааниси чоң. Айтайын дегеним, кулагын аудиограммага тарттырган учурда кээ бир балдардын кулагы азыраак эле пайызда угуп, же бир кулагынын угушу начар экени аныкталат. Ошондой эле балада аденоидтер жокпу, кеңири дем алып жатабы, мээсине кислород жакшы жетип жатабы ошону аныкташ үчүн да аталган врачтарга көрүнүү маанилүү.

Атасы мынча жашында, апасы анча жашында сүйлөгөн деп адам өзүн жооткотпой баланын тили кечигип жатса, жогоруда айткан текшерүүлөрдөн өтүш керек. Себебин аныктатпаса, кийин кеч болуп калат.    

-Тили чыкпаган балдарга биринчи жардамды логопед берет. Силердин кесиптин күчү да керемет. Медиктер менен тыкыз иштешесиңерби?

-Ар бир кесиптин артыкчылыгы бар дегендей логопеддердин да аракети зор болот. Баланы биринчи жолу көргөндө эле логопед аны менен сүйлөшүп, жалпы өнүгүүсүн, сүйлөө кебин, сөз байлыгын диагностика кылат. Андан соң балада көйгөй болсо коррекциялык сабактар туралуу ата – энеге айтып берет. Ата -энелер ошол логопеддин айтканын эле аткара берсе, баласынын эрте сүйлөп кетишине шарт түзүлөт. Айтайын дегеним, логопед баланын абалына жараша кээде врачтарга барууну сунуштайт. Себеби, тили чыкпаган бала врачтар менен толук комплекстүү иш алып барса, балада жылыш тез болот.

Бирок, баладагы жылыш кээде жалгыз логопедге байланыштуу болбойт. Ата-энелер балдарын алып келгенде биз баланы диагностика кылып, сабактар туралуу айтып, кандай методикаларды колдонорубуздан бери маалымат берип, кандай көнүгүүлөрдү жасоо зарылдыгын түшүндүрөбүз. Ошондой эле биз сыйкырчы эмеспиз деп айтабыз. Мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче коррекцияны жасайбыз. Сиз дагы үй тапшырманы аткартып, балаңыздын сүйлөп кетишине аракет кылыңыз. Кайдыгер карабаңыз дейбиз. Анткени, баланын тез сүйлөп кетиши жалгыз бизге байланыштуу эмес, сиздин аракетке да жараша болот деп түшүндүрөбүз. Анткени, бала бизге сабак учурунда гана келет. Калган учурда ата-эненин жанында болот. Ошон үчүн өздөрү дагы балага көңүл буруп, үй тапшырмасын аткарууга далалат жасашы керек. 

-Сабакты группа менен өткөндө жылыш жакшы болобу же жалгыз өткөндөбү?

-Ар кайсы баланын диогнозу ар башка болот. Ошон үчүн кээ бирөөлөр бир жыл, эки жыл группа менен машыккан жерлерге акчасын, убактысын коротуп барганы менен жылыш болбой калгандар бар. Аң сезими жайында, сөзгө түшүнүп калган балдар эле барбаса, көп учурда жалгыздап машыккан эле оң жыйынтык берет.

-Лого массаж , тилди жатыктырчу көнүгүүлөрдү жасоо сүйлөбөй жаткан бала үчүн маанилүүбү?

-Албетте, маанилүү. Бала сүйлөбөсө, ооз булчуңдары бош болот. Ошону катырыш үчүн артикуляциялык көнүгүүлөрдү жасатып, зарыл болгон учурда лого массаж жасайбыз. Лого массажды жасатуу үчүн алгач 10 күн бүт денесине массаж алып келүүнү сунуштайбыз. Анткени, булчуңдардын баары бири бирине байланыштуу. Башка булчуңдарды тонуска келтирип алгандан кийин гана лого массажды жасайбыз. 

Баланы өз алдынча болушуна шарт түзүп, кийимиңди өзүң кий, кайсыл көйнөктү кийесиң деп тандоосуна дагы мүмкүнчүлүк бериш керек. Бир нерсени жасаса азаматсың деп дем берип, жакшы иш жасаганын түшүндүрсөң бала шыктанып андан да жакшысын жасасам экен деп калат. Кыскасы, баладан жакшы сөздү аябай, башын сылап же кучактап же оюнчук алып берем деп колдош керек. Ошондо гана бала жакшы нерселерди жасаганга ашыга баштайт. Эң башкысы, баланын сүйлөй турган курагын өткөзүп албай, адистерге тез кайрылып, баланын тилин чыгарууга аракет кылыш керек.

P/S. Эгерде “Логофея” балдарды өнүктүрүү борборуна кайрылгыңыз келсе, 0703 243100 номерине байланышыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости