www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 6-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында Ысык-Ата районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу телефон чалуу болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен дене жаракаттары менен эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Териштирүү учурунда ал 34 жаштагы Х.И. аттуу жаран экендиги такталган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон күнү 34 жаштагы жаран үй-бүлөлүк чырдын айынан мас абалында аялын сабап салган, андан соң төшөккө жатып уктап калган. Аялы ачууланып, сарайдан балканы алып, башына бир нече жолу уруп, натыйжада ал каза болгон. Андан кийин аялы баласын алып, ата-энесине кеткен. Кылмыш куралы БЧКга ыргытылган. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат», – деп айтылат маалыматта.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости