www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоң районунда Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел алган тилкеси калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-июлда жолдун 97- 123 чакырымдар аралыгында нɵшɵрлɵп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Сел суусу аталган жолду реконструкциялоо боюнча долбоордун алкагында курулуп жаткан кɵпүрɵнү айланып ɵтүүчү убактылуу жолду жууп кеткен.

Тез арада жолчулар тарабынан атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

Последние новости