www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Балыкчы – Кочкор жаңы темир жол тилкесинде жолду акыркы даярдоо иштерин жүргүзүүдө.

Иштер алгачкы жолу заманбап ВПО-С үлгүсүндөгү жол түздөөчү жана шпалдарды таптоочу атайын техниканын жардамы менен аткарылууда.

Аталган техника «Казакстан темир жолу» акционердик коому тарабынан убактылуу пайдаланууга берилген.

Адистештирилген машина темир жолду түздөө, шпалдарды таптоо жана жолдун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иштердин толук комплексин аткарууга мүмкүндүк берет.

Бул жаңы темир жол линиясын куруунун акыркы этаптарынын бири болуп саналат.

Мындай техниканы колдонуу жолдун тактыгын жогорулатып, келечектеги поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыздоого жана курулуш иштеринин сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Балыкчы – Кочкор жаңы темир жолунун узундугу 63,4 чакырымды түзөт.

Учурда темир жол тилкесинин жана Кочкор бекетинин эки кабаттуу имаратынын курулушу аяктоо алдында турат.

Последние новости