www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Чыңгыз Төкөлдөшов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери кечээ, 26-февралда Чыңгыз Төкөлдөшовду кармап, Аскердик прокуратурасынын тергөө кызматына алып келишкен. Ал УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен байланышта болгон деп айтылууда.
Айрым маалыматтарга караганда, Төкөлдөшов Жакыпбековдун аркасында кызматтык тепкичтерге көтөрүлгөн, анткени алар жакын достордон болгон.
Белгилей кетүүчү нерсе, Элдар Жакыпбековдун "40 чоросу" деген ат менен белгилүү болгон видеотасмада Төкөлдөшовдун аты аталган.