www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн - 3-августта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы
“Эдельвейс” аскер полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн машыгуусу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

“Кобальт - 2022” деп аталган атайын-тактикалык машыгуунун негизги максаты
мүчө мамлекеттерин ортосунда кылмыштуулукка каршы күрөштө күч
түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө.

Буга чейин дагы мындай машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин
аймактарында уюштурулуп келген. Балыкчыга Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан өкүлдөр катышууда.

Маалыматта айтылганга караганда машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу боюнча практикалык ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарат".

Машыгуу 5-августка чейин уланат. Машыгуунун соңунда куралдан ок атуу, футбол жана волейбол боюнча мелдештер уюштурулат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости