www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-октябрда саат 14төр чамасында Балыкчы шаардык ооруканасына 2017-жылы туулган бала моюнуна курч нерсе менен урулгандан алган жаракат менен жеткирилген.

Балыкчы шаардык Жалпы Дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Дамира Мусаеванын айтымында, балага операция жасалган. Бүгүнкү күндө ал ооруканада дарыланууда жана абалы туруктуу.

Ал эми Балыкчы ШИИБде бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Тергөөчүлөр баланын жаракат алуусунун бардык жагдайларын аныктоо үчүн күч-аракет жумшап жатышкан менен азырынча окуянын чоо-жайы толук тактала элек.

Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүнө таянсак, балага аял адам тарабынан сокку урулган.

Балыкчы ШИИБнин башчысы Нурбек Калыкеев эл арасына тарап жаткан, “маскачан адам”, “маньяк” экен деген өңдүү тастыкталбаган маалыматтар орунсуз экенин билдирди.

Учурда бул иш Ысык-Көл облусттук ички иштер башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин көзөмөлүнө алынган.

Последние новости