www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарында убактылуу жол жана курулуш объектилерин куруу үчүн келген чет өлкөлүк жарандар менен профилактикалык жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууну Балыкчы ШИИБдин башчысы, милициянын подполковниги Адис Жунушуалиев милиция кызматкерлери менен биргеликте өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары түшүндүрүлүп, коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузууларга жол бербөө жана өлкө аймагында белгиленген эрежелерди так аткаруу боюнча маалымат берилди.

Милициянын маалыматына ылайык, мындай профилактикалык иш-чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана шаар аймагында тынчтыкты сактоо максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Последние новости