www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарындагы «Оазис» кафесинин айлана-чөйрөгө агынды сууларды мыйзамсыз төгүп жатканы тууралуу маалымат текшерилди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында кафе ээсине карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, 28 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөгө агынды сууларды мыйзамсыз төгүү мыйзам талаптарын бузуу болуп саналарын жана мындай аракеттер үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.