www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун прокуратурасы тарабынан Айтматов районундагы «Айтбаев» атындагы орто мектебинин курулушуна жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталып, ири өлчөмдөгү бюджеттик каражат мыйзамсыз сарпталгандыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Тактап айтканда, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алышып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү аркылуу подряддык уюмга мыйзамсыз 4 млн 200 миң сом акча каражатын төлөп беришкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости