www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2026-жылдын 17-19-июль күндөрү абанын температурасы боюнча бир нече жаңы рекорддор жаңыланды.

17-июлда абанын температурасы +41,6°Сге жетип, 2015-жылы катталган +39,5°С көрсөткүчтөн ашты.

18-июлда аба +43,2°Сге чейин ысып, 1997-жылдагы +41,3°С рекорд жаңыртылды. Ал эми 19-июлда температура +43,5°С болуп, 2019-жылы катталган +40,8°С көрсөткүчтөн жогорулады.

Ошондой эле 18 жана 19-июль күндөрүндөгү температура Бишкекте июль айы боюнча метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы абсолюттук максимумдан ашты. Буга чейин эң жогорку көрсөткүч +42,8°С болуп, ал 1983-жылдын 30-июлунда катталган.

Адистердин айтымында, мындай аптап Борбордук Азиянын түштүк аймактарынан келген өтө ысык аба массалары жана туруктуу антициклондун таасири менен байланыштуу болгон. Анын натыйжасында абанын жерге жакын катмары узак убакыт бою ысып турган.

Последние новости