www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги дээрлик 100 компаниянын жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларды жокко чыгарды.

Министрликтин маалыматына ылайык, лицензиялар лицензиялык талаптарды бузгандыгы үчүн жокко чыгарылган. Бирок кайсы компаниялар жана кайсы кендер тууралуу сөз болуп жатканы такталган жок.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында министрлик мурда берилген бардык жер казынасын пайдалануу лицензияларын кеңири инвентаризациядан өткөрүп, лицензиялык талаптарды бузган 836 учурду аныктаган. Натыйжада 600гө жакын лицензиянын аракети убактылуу токтотулуп, алардын бир бөлүгү толугу менен жокко чыгарылган. Учурда өлкө боюнча жер казынасын пайдаланууга 2 миңге жакын лицензия берилген.

Последние новости