www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алтынкен» ишканасы жайгашкан аймактагы тоо бооруна 2015-жылы жазылган кыргыз жана кытай тилдериндеги ураанды алып салуу иштери башталды.

Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү социалдык тармактарда аталган жазууга байланыштуу ар кандай талкуулар жаралган.

Ишкананын маалыматына караганда, ураан 2015-жылы ошол кездеги бийликтин талабы менен экологияны коргоого чакырык катары жазылган.

Ал учурда компанияда жергиликтүү тургундар менен бирге Кытайдан келген адистер да иштегендиктен, жазуу эки тилде түшүрүлгөн.

Компания ураандын саясий мааниси жок экенин белгилеп, анын негизги максаты кен байлыктарын өздөштүрүү менен катар жаратылышты, тоолорду жана суу ресурстарын сактоого үндөө болгонун билдирди.

Ошондой эле «Алтынкен» 2015-жылы ишканадагы кызматкерлердин 60 пайызга жакынын Кытайдан келген адистер түзсө, учурда эмгек жамаатынын 95 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөрүн маалымдады.

Последние новости