www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң Чүй каналында издөө-куткаруу иштери улантылууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 20-июлунда издөө иштерине Кант шаардык №27 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды.
Мындан тышкары, Ысык-Ата райондук №4 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, ИИМдин 10 кызматкери жана 40 жергиликтүү тургун катышууда. Жалпы 65 адам издөө иштерине тартылган.
Издөө иштерин Чүй облусу боюнча ӨКМ башкармалыгынын башчысы, полковник Чынгыз Боскунчиев жеринен көзөмөлдөөдө.
Белгилей кетсек, 19-июлда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын четиндеги Чоң Чүй каналына 2004-жылы туулган эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруу иштери уланууда.