www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу фейктерге байланыштуу билдирүү жасады.

Маалыматта айрым саясий темалар боюнча такталбаган билдирүүлөр тарап жатканы айтылат.

Ошондой эле мындай маалыматтарды таратуу улуттар аралык кастыкты козутууга алып келиши мүмкүн экени эскертилип, жарандардан текшерилбеген маалыматтарды жайылтпоого чакырык жасалды.

"Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, "кытай басып кетти", "жерлер сатылып жатат", “тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сыяктуу дооматтарды соцсеттер аркылуу таратып келишкен. 

Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевтин командасынын фейктери кошулду.

Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары "балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды",-деп наалып чыгасыңар.

Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогоруу өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз.

Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда. Андыктан, такталбаган жана улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан алыс болуңуздар", – деди ал.

 

Последние новости