www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчылар салмагы 272 килограмм тунец балыгын кармап, кайра океанга кое берип жиберишти.

Ирландиянын Корка шаарында жашаган 34 балыкчы узундугу 2,4 метрге, салмагы 272 килограммга жеткен көк тунецти кармап алышкан. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул Ирландияда быйыл кармалган балыктардын эң чоңу.

Дейв Эдвардс аттуу балыкчы достору менен Атлантикадагы көк тунецтердин көлөмүн изилдөө боюнча мамлекеттик программага катышышат. Алар балыктарды кармаган соң, салмагын өлчөп, кайра сууга кое беришет. Бирок бул ирет кармаган балыгынын салмагын сууда эле өлчөөгө туура келген. Балык ушунчалык оор болгондуктан, аны кайыкка тартып ала албай коюшкан.

Белгилүү болгондой, деңиз азыктарын сүйүүчүлөрү көп болгон Японияда мындай өлчөмдөгү балыктын баасы орточо 3,4 миллион доллар турат.

Ал эми, кармалган көк тунецтердин эң чоңунун узундугу 4,6 метрге, салмагы 684 килограммга жеткен.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости