www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бангкокто жер титирөөдөн кийин өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Таиланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 24 сааттын ичинде кайталанышы мүмкүн. Мындан улам өлкөнүн премьер-министри жарандарды сак болууга чакырган.

Шаарда жердин силкинүүсүнөн курулуп жаткан көп кабаттуу үй урап түшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда 43 куруучу дале урандылардын астында. Тез жардам кызматтарынын маалыматы боюнча, ураган имаратта 50 адам болгон. Куткарылган 7 адам түрдүү деңгээлдеги жаракат алган.

Бангкокто жер титирөөдөн улам метро иштебей, жолдордо тыгын пайда болгонун «ТАССтын» кабарчысы маалымдады.

Бангкокто жер титирөөдөн улам метро иштебей, жолдордо тыгын пайда болгонун «ТАССтын» кабарчысы маалымдады.

Бүгүн, 28-мартта Таиландда жана Мьянмада жер титирөө катталды.

Магнитудасы 7,7ге жеткен биринчи силкинүү Мьянманын Сикайн шаарынан 16 км алыстыкта, 10 км тереңдикте болгон. Бир нече мүнөттөн кийин дагы бир жолу магнитудасы 6,9га жеткен жер титирөө кайталанган.

Мындан тышкары, Кытайдын айрым аймактарында да жер силкинүүлөр сезилген.

Последние новости