www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Улуттук банк тарабынан сунушталып жатканы мыйзам долбоорундагы “Шарика”, “Мушарака” деген сөздөрдүн эмнени түшүндүрөрүн айтып, маанисин сурады. 
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров бул термин банк менен кардардын ортосундагы өнөктөштүк дегенди билдирерин айтты. 

Депутат улуттук тилди сактоо зарылдыгын белгилеп, башка тилдеги түшүнүксүз сөздөрдү пайдаланбастан, өзүбүздүн тилдеги жалпыга маанилүү сөздөрдү колдонуу керектигин билдирди.

Чынында Улуттук банк кыргыз тилинде жакшынакай өнөктөштүк деген сонун сөз турса, кайдагы тилиң сынган “Шарика”, “Мушарака” деген бөтөн тилдеги тантыраган келегей сөздөрдү колдонуп, эл аралык термин деп “дөөрүп” жатышканы улутка кылган кыянаттык десек жарашат. 

Ислам динине мүнөздүү болгон арабдардын сөздөрүн эл аралык термин деген чапанга ороп тымызын мыйзамыбызга чейин киргизүү чыккынчылыкка тете иш. Мамлекеттик тилге карата мындай кыянаттык диверсияга жол берилбеши керек. Мыйзамдан “Шарика”, “Мушарака” деген түшүнүксүз сөздөр алынып салынышы милдет.

Последние новости