www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интерпол линиясы боюнча жүргүзүлгөн натыйжалуу эл аралык кызматташуунун негизинде чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын демилгеси менен эл аралык издөөгө жарыяланган адамдар кармалды.

Сербиянын Белград шаарында жаран 1992-жылы туулган С.Д.А. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда (уурулук) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөгө алынган.

Шектүү Манас шаарында жайгашкан үйдүн короосуна мыйзамсыз кирген. Үйдөн ал планшетти,  кутунун ичиндеги ири суммадагы акча каражатын, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды да уурдап кеткен. Кылмыш жасалгандан кийин шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

Мындан тышкары, Интерпол линиясы боюнча эл аралык аракеттенүүнүн алкагында Испаниянын Мадрид шаарында эл аралык издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Ю.А.С. жана 1980-жылы туулган Ю.П.В. кармалды.

Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар жүк ташуучу унааларды сатып алуу жана андан ары жүк ташуу бизнесин жүргүзүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен өзгөчө ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Кийинчерээк өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткарбастан, сатып алынган унааларды сатып жиберишип, түшкөн каражаттарды жеке максаттарына жумшашкан.

Учурда ыйгарымдуу органдар тарабынан аларды мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселеси каралууда.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары Интерпол линиясы боюнча эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта өлкөдөн сырткары сот адилеттигинен жашырынып жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча активдүү иштерди улантууда.

 

Последние новости