www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев «КУЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев менен биргеликте Бишкек электр тармактар ишканасына барып, ишкананын ишмердүүлүгү, электр тармактарынын учурдагы абалы жана кызматтардын уюштурулушу менен таанышты.

Министр ишканын кампаларын карап чыгып, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюу үчүн керектүү материалдар жана жабдуулардын жетиштүүлүгүн, анын сакталышын текшерди. Компания жетекчиси жабдуулар жетиштүү экенин билдирип, алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери башталгандыгы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, АСКУЭ борборлоштурулган системасынын Улуттук операциялык борбору каралып, электр энергиясын эсепке алуу жана башкаруу боюнча заманбап чечимдер тааныштырылды.

Мындан тышкары, министр Т.Ибраев атайын техникалар жана ишкананын өндүрүштүк инфраструктурасы карап чыкты. Ошондой эле жаңы курулуп жаткан көп функционалдуу шаар курулуш аймагында, анын ичинде жаңы Ош базары жана жаңы автовокзал аймагында 90 км СИП-3 өткөргүчүн тартуу иштерин жүргүзүп жаткан курулуш-монтаждоо участогунун (СМУ) ишин күчөтүү боюнча тапшырма берди.

Жыйынтыгында энергетика министри Т.Ибраев электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуунун маанисин белгилеп, Кыргызстанда өткөрүлө турган Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына  жана Көчмөндөр оюнуна даярдык көрүүнү, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн сапаттуу иш алып барууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Ал эми алдыдагы 2026-2027 жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, оңдоо иштерин өз убагында аткаруу, авариялык бригадалардын даярдыгын камсыз кылуу жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча так тапшырмалар берилди.
 

Последние новости