www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте банктан 8 млн сомдон ашуун каражатты уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнда банктардын биринин өкүлү Ленин РИИБге акча каражаттарын белгисиз адамдар мыйзамсыз чыгарып кеткендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Натыйжада банкка жалпы суммасы 8 млн 28 миң 289 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул факт Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. жана 1984-жылы туулган Б.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири жогоруда аталган банктын кызматкери экени жана ал жеке кызыкчылыгын көздөп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды.

Ошондой эле учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогу тактоо боюнча. тергөө иштери уланууда.

«Урматтуу жарандар, эгерде сиздер кылмышкерлин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номурларына кайрылыңыз: 0(708) 84-40-08, 0(702) 84-29-11, (702) 84-29-11, 0(707) 55-77-87 же 102», — деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
3379
02.07.2024 13:11