www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы Руслан Кыдырмышев Бишкек шаарынын Октябрь бир мандаттуу округунан парламенттик шайлоого катышып, элдин колдоосуна татыбай, четке сүрүлгөн. Аткаруу кызматында жетиштүү тажрыйбасы жоктугуна карабай, жакында президенттин кеңешчиси болду. Саясый элитадагы коомчулук түшүнбөй калды.

«Акылмандыгы ашып-ташып жатпаса, кандайча кеңеш берет? Заманбап билимдүү, же гений эмес го?» дегендей таңыркоолор жаралып. Көрсө, кеп башкада экен. Айрым билермандар «Руслан Кыдырмышев баняны ырастап, парда кантип чер жазуунун үлгүсүн көрсөткөнү үчүн...» деп мыйыгынан жылмайышты. (Мындайды кыраакы адамдар илгиртпей аңдайт эмеспи). Биз билбей жүрсөк, бул жагы да өзүнчө өнөр тура...

Булак: Азия News гезити

Последние новости