www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Классташым баптисттердин кассири болгондуктан, алардын сыйынуучу жерине баргам. Ырдаганы чын экен, тамакты алдыларына коюп алышып, шаттанып ырдай беришет экен. Мен чоочун болгондуктан, балким чоочулап наристени бата кылышып сойбой коюштубу ким билет. Наристенин каны болгон жок. Баптисттердин жетекчисин поп эмес, пастор деп коюшат экен. Пасторду көргөндө кирерге тешик таппай калышканын көрдүм. Кыргызстанда катталган диний уюмдардын саны 3319га жетти. 3319 диний бирикменин 2 910у ислам, 395и христиан, 12си жаңы диний ишенимдерге жана агымдарга тиешелүү. Иудаизм менен буддизм динин тутунгандардын бирден уюму бар. Өлкө аймагында ыйгарым укуктуу органдарда катталбаган ар кандай агымдагы көптөгөн диний борборлор, мечиттер, медреселер мыйзамсыз иштеп жатканын эске салышып, диний ынанымдарды жайылтуу иш-чараларын жергиликтүү калк менен макулдашуунун туура жагы деле бар экенин айтышкан. Дин мамлекеттен бөлүнгөну менен парламенттен бөлүнө албай койду. Дин боюнча мыйзамдагы кемчиликтер: 200 адам менен диний агым түзсө, динчилдер саясатка аралашса болот. 8О пайыз ислам динин тутушкан Кыргызстанда бул туура эмес.
Азыркы мыйзам боюнча эки жүз адам чогулта алса, диний агым түзүп, аны мыйзамдаштырып алып, өзүн «кудай» кылып эсептей берсе болот. Муну Орусиянын Мамдума депутаты Владимир Жириновский укса чачын жулмак. Көптөн бери кабыл алынбай жаткан «Дин тууралуу» мыйзам туура эмес жазылган. Бул мыйзамдын эң одоно кемчилиги: «Эки жүз адам болсо ар кандай диний багыттарды мыйзамдаштырса боло берет» - дейт. Кыргызстан светтик мамлекет дин мамлекеттен, мектеп динден бөлүнгөн, эсеп боюнча диний ишмерлер мамлекеттик, саясий зор орундарды көздөөгө болбойт. Бирок, «Дин тууралуу» мыйзам диний аалымдардын парламентке отуруп иштөөсүнө жол берет. Ошондуктан, эмки парламенттик шайлоодо молдокелер да парламентке депутат болууну көздөп жатат. Молдокенин бары депутат болуп кетсе диний түшүнүксүз суроолорго аалым катары ким жооп берет, динге каршы турушкандар менен ким көрүшөт?
Эмнеге "Дин боюнча мыйзам" көп жылдан бери кабыл алынбай жатканы, бул мыйзамдын бир беренесиндеги "2ОО адамдан ашкан адамы бар болсо диний агым болуп кабыл алынат" деген кычытмасы окшойт. Мейли Иусус менен сыймыктанган православие болсун, мейли адашып кудайды Теңирге алмаштыргандар болсун. Эки жүз адамды баптисттердин, иеговалардын, буддисттердин ар кандай багыттары, ислам динин жаман көрсөтүп жаткан террористтик уюмдар деле ушул мыйзамдын негизинде мыйзамдашып албайбы? Депутаттар баптист, экстремист-террорист, иеговалардан, буддисттерден колдоо табуу үчүн гана бул мыйзамды кабыл алгандай.
Кыргызстанда катталган диний уюмдардын саны 3319га жетти. Алардын ичинде экстремисттик багыттагы 20 диний уюмга сот тарабынан тыюу салынган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстан цифраларда" аттуу жаңы жыйнагында маалымдалды.
Анда белгиленгендей, 2016-жылы өлкөдө 2 600 диний уюм болгон жана кийинки жылдарда алар 719га көбөйдү. Басылмада маалыматтар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан алынганы белгиленет.
Жол башчы Ленин совет элин жетектегени Карл Маркстын “Дин –бул апийим” –деген сөзүн туу тутуп, диний мекемелерди, чиркөө, мечиттердин таш-талканын чыгарганы белгилүү. Карл Маркс өз эмгегинде, дин апийим, аны чеги менен пайдаланыш керек, апийимди чеги менен пайдаланса бул жакшы, ал эми ашыкча пайдаланса, азыркыча айтканда “наркоман” кылып жиберет дегендей айткан. Динди апийим сыяктуу чеги менен гана пайдаланыш керек дегени бүгүнкү күнгө туура келет. Ашыкча фанат болуп кетишип, өлсөк тиги дүйнөдө шейит болуп кетебиз дешип террорчулукка барып жаткандар азыркы мезгилде да табылат. Жогорку Кеӊеште мыйзамдын айрым жоболорун конституциялык принциптерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Конституциялык палата Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун кызыкчылыгында аракеттенген адамдардын өтүнүчүн карап чыгып, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөр Конституциянын 20-беренесине жана 35-беренесине карама-каршы келет деп табылган. Ошондон улам, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.
Эске салсак, экинчи окуу жүрүшүндө айрым депутаттар өлкө аймагында ыйгарым укуктуу органдарда катталбаган ар кандай агымдагы көптөгөн диний борборлор, мечиттер, медреселер мыйзамсыз иштеп жатканын эске салышып, диний ынанымдарды жайылтуу иш-чараларын жергиликтүү калк менен макулдашуунун туура жагы деле бар экенин айтышкан.
Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстандын аймагында 3294 диний уюм расмий каттоодон өткөн. Алардын ичинде экстремисттик багыттагы 20 диний уюмга сот тарабынан тыюу салынган. Ал эми 2021-жылдын ичинде 6 адам экстремисттик аракеттери үчүн камакка алынды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg