www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл өкмөткө ишенбей, карап отурбай өз алдынча оокат кылганга үйрөндү. Мындай пикирди бүгүн, 19-июлда NazarNews маалымат агентигине Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов билдирди.

--“Биздин элде дух бар. Бийликке дагы ишеними кетти. Өкмөткө ишенбей, карап отурбай өз алдынча оокат кылганга үйрөндү. Кыргызстандагы бир канча окуяларда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөттү. Ынтымак, биримдик бар экени байкалды. Мисалы, май айында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда эл эле чыгып, жардам берип койду.

Башка мамлекеттерде биздей ынтымак, биримдик, дух жок. Бийликке ачык каршы тура алышат. Мындайча айтканда бийликтин кысымына жол беришпейт экен. Өлкөдө төңкөрүлүштөрдө биздин элдин духу бар экенин коңшу мамлекеттер дагы билди", - дейт дипломат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости