www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова "Азиянын эң мыкты балбан кызы" деп табылды. Бул туурасында UWW Asia (Азия күрөш дүйнөсү) уюму өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Уюм күрөштүн олимпиадалык (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер) түрлөрү боюнча жыл ичинде зор ийгиликтерге жетишкен спортчуларды тандаган. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнүн эң мыкты балбаны деп аныкталган.

"UWW Asia күрөштүн олимпиадалык түрлөрүнөн жылдын мыктыларын аныктады. Айсулуу Тыныбекова "эң мыкты балбан кыз" болду", — деп айтылат маалыматта.

Уюм кыргыздын спортчу кызы Токио Олимпиадасынан күмүш байге, дүйнө жана Азия чемпионаттарынан алтын медаль утканын белгилеген.

Грек-рим күрөшүнөн Олимпиада жана дүйнө чемпиону болгон ирандык Мохаммедреза Гераи эң мыкты деп тандалган. Ал эми эркин күрөштөн Олимпиаданын күмүш байгесин, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын алтын медалын уткан ирандык Хассан Язданичерати мыкты деп табылган.

Спортчуларды сыйлоо аземи 2022-жылдын апрелинде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтө турган уюмдун башкы ассамблеясында болот.

Эске салсак, жакында эле United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасын жылдын эң ийгиликтүү командалардын бири деп тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости