www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айылдар жана шаарлар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган бардык таксисттер каттоого алынат жана аларга лицензия берилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мындай чаралар президенттин «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык ишке ашырылат.
«Соңку 20 жылда таксилер көзөмөлгө алынып келсе да, бардык автовокзалдар базарга, базарлар автовокзалга айланганын көрүп жатабыз», - деди Саркулов.
Анын айтымында, бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жатат жана тиешелүү жол-жобосун иштеп чыгуу керек.
Жол-жобо иштеп чыгуу 2022-жылдын башында башталат.
Булак: NazarNews.kg