www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Барскоон - Каракол жолуна 8 өтмөк курулат

Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери активдүү уланууда. Подрядчы тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады.
Учурда жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Каракол автожолун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген.  Долбоордо 5 кɵпүрɵнү куруу, 8даана жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган.  Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү — 5 жыл. 

Бул долбоор аймактагы транспорттук байланыштарды жакшыртып, туристтик агымды көбөйтүүгө жана жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Последние новости