www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда талоончулар режиссёр жана музыкант Сакен Битаевди атып кетишти. Бул тууралуу Informburo гезити билдирди.

Такталгандай, музыкант жана анын досу экөө сүйлөшүп отурган унааны алып кетүүнү көздөшкөн. Бирок алар унаадан түшкөн эмес.

«Кол салгандар арт жактан келип, аткылай баштаган. Бир ок Сакендин өпкөсүн тешип кеткен», — деп жазат гезит.

Белгилей кетсек, Сакен Битаев Salamalec Sound музыкалык долбоорун негиздеп, хип-хоп чыгармаларын аткарган. Музыка тармагындагы ишмердигинен тышкары режиссёрлук менен алектенген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости