www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Октябрь айында башаламандыкты уюштургандардын бири Бабановдун жээни Жээнчороев экени айныксыз. Демек, бул башаламандыкка батыш менен бирге Бабанов да суук тумшугун салган. 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо болду. «Республика» партиясы да бул аламан жарышка катышты. Атамбаевдин заманында абисине таянып Бабанов акча чачып, криминалдар менен колтукташып экинчи орунда келе турган. Бул ирет «Республиканын» кадыр-баркы түшүп, алдыңкы орундарга караандабай калды. Ошону бет тырмаарлык кылып, башкаларды өзүнүн акча чачкан партиясындай көрүп, башаламандыкты уюштуруп, ал эми 2020-жылдын 9-октябрында Атамбаев,Текебаевдер менен биригип бийликти тартып алып, өзүн өкмөт башчысы кылып жарыяламак. Бабанов үчүн өкүнүчтүү, ойлогон оюу ишке ашпай калды. Анан мени ошол күнү жинби же магниттик бороонбу уруп үчүнчү күчтөрдү ээрчип кетиптирмин деп, курун мойнуна салды. Башаламандыкты уюштурган Бабанов парламенттик шайлоодо акча чачкан эмеспи? Ким айта алат, дал ошол мезгилде «Республика» партиясы элди ташып, акча менен паралап жүрсө да көпчүлүк «Республиканы» пайдаланып алды да башка өз каалагандарын шайлап коюшту. Айдар Акаевдин колуна суу куюп, бирге рейдерлик кылгандардан көз ирмемдерди жаза кетели. Бабановдун “бабки” саясатынын чордонунда турган НТС телеканалы эки ирет рейдерлик басмачылыкка тушуккан. Бабановдун капчыгына киреше алып келип жаткан бул телеканал эки жолу тең бир гана Бабанов тарабынан рейдерлик жол менен муунтулган.
Акаевдин заманында ТРК “ВОССТтун” базасында уюштурулган бул телеканалга Бабановдун көзү түшүп калат. Бабанов ыраматылык Айдар Акаев менен жакын достугуна таянып, жакшы иштеп жаткан бизнестерди тартып ала баштаган. Бул жерде канчалаган бизнесмендер нефтебазаларын жана башка мүлктөрүн алдырып кан ыйлаганын айтпай эле койолу.
Бабановдун Айдар Акаев менен достугу узакка созулган. 2005 -жылы 24-мартта Акаев качып кетер менен ал Айдар Акаев достугун сотка аркылуу үзгөн. Ушул күндөн баштап Бабанов бул телеканалды башка адамга каттаткан.Бирок, Бабановдун айланасындагылар “НТС бийликтин колуна өттү” –деген жалган ушактар менен коомчулукту ишендирип жүрүштү. Чындыгы Бакиевдердин заманында да НТС Бабановго тиешелүү болуп, анын каалаганын аткарып жүргөнү НТСтагы теле көрсөтүүлөрдөн улам белгилүү. НТС Бабанов буюрган тарапты көкөлөтүп, анын атандаштарына кара пиар сүйкөп келген. 2005-2007-жылдары бийликтин баскан изин аңдып, мүчүлүштүктөрүн издеп, чымынды пил кылып көрсөтүп жүргөн Бабановдук НТС 2007-жылы Атамбаевдик СДПК партиясын парламентке алып келиш үчүн айыгышкыс күрөшкө чыгып Бабанов өз көчүгүн өзү ачып алат. Көрсө ал Казак Республикасынын жараны катары кыргыз парламенттине шайланууга болбойт экен. Ал өз мандатын апчеси Роза Отунбаевага берүүгө мажбур болот. Өзү болсо акырын жылып биринчи вице-премьер кызматына отуруп, «Кыргызстан» банкын рейдерлик менен тартып алат. 2010 - жылы бийлик кайра алмаштырылганда Бабанов кайрадан өңүн өзгөртүүгө туура келет. Ал Ак Үйгө жыла басып кирип Отунбаева менен Атамбаевдин оң колуна айланат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg