www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Адахан Мадумаровдун сынына жооп берди

Башкы прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө жооп берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Адахан Мадумаровдун Москва шаарындагы мигранттар менен жолугушкан видеосу боюнча чогулткан материалдарды Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөткөнүн билдирген. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун алкагында үгүттөөнүн элементтери болгон.

Ал эми Мадумаров Башкы прокуратуранын бул аракетинин артында Садыр Жапаров турарын айткан. Мадумаров Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп турганда президенттик шайлоого катышарын жарыялап, андан кийин аймактарга барып эл менен жолугушканын, БШК анын дагы бул иштерине баа бериши керек экенин кошумчалаган.

Башкы прокуратура билдиргендей, президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Башкы прокуратура тарабынан атайын штаб түзүлгөн.

«Мындан тышкары Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка укук коргоо органдарынын ортосунда шайлоо маалында орун алган мыйзам бузуулар боюнча ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу максатында «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 43-беренесине ылайык координациялык ыкчам топтор түзүлүп, анын алкагында келип түшкөн кайрылуу жана билдирүүлөр, интернет тармагында жана социалдык түйүндөрдө жарыяланган макалалар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

Ошондуктан 2020-жылдын 19-ноябрында айрым интернет булактарында Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер А.Мадумаровдун Россия Федерациясынын Москва шаарында мигранттардын жана медианын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өткөн пресс-конференциясы жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасынын президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын талаптарына ылайык, аталган макала 23-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.

Ал эми Башкы прокуратура тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынан бул маселеге тиешелүү башка кандайдыр бир материалдар суратылган эмес.

Ошондой эле 2020-жылдын 25-ноябрында жогорудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер И.Ташовдун журналисттер менен жолугушуу маалында айтылган анын алдыдагы иштери жана максаттары тууралуу интернет тармактарында жарыяланган макалалар дагы Борбордук шайлоо комиссиясына кароо үчүн жөнөтүлгөн.

Прокуратура органдары Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктарынын негизинде шайлоо процесстеринин ар бир катышуучусун шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузулушуна жол бербөөгө чакырат», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости