www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Жол эрежесин бузган той кортежинин 2 унаасына 30,5 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул кызматынан белгилешкендей, социалдык тармактарда унаасынын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып, жол эрежелерин одоно бузган той кортежинин видеосу тараган.

Тасмадагы унааларды таап, чара көрүү максатында издөө иш-чараларын жүргүзүлүп, жыйынтыгында 19 жаштагы Б. А. аттуу айдоочуга таандык 2 унаа кармалган. Айдоочуга карата Бузуулар кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп, (автоээнбаштык, терезелерин атайын караңгылатуу, мамлекеттик номери жок жүрүү) 30 миң 500 сом айып салынган.

Учурда бул видеодо тартылган калган автоунааларды аныктап, аларды кармоо боюнча издөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзам чегинде катуу чара көрөрүн эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости