www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү Тажикстандын Ички иштер министрлигинин генерал-майору Мухаммадзода Хуршед Изатуллонун аракетине баа берет.

Бул тууралуу Башкы прокуратура «Азаттык» радиосуна ырастады. Маалыматка ылайык, тергөө иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзүп жатат.

Буга чейин 24.kg маалымат сайты башкы көзөмөл органдын маалыматына таянып, тажик генералы Мухаммадзода Хуршед Изатуллонун аракетине карата Жазык кодексинин 380-беренеси («Тынчтыкка каршы кылмыш») менен сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын жазган.

Мухаммадзода Хуршед Изатулло тажиктин куралдуу күчтөрү, аскердик техникалары жана бир катар транспорттору менен турган видео социалдык тармактарга 8-майда тараган. Бирок бул тасма кайсы күнү тартылганы белгисиз.

Кыргызстандын «Политклиника» сайты фактчекинг жүргүзүп, видео кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда тартылганын, тажик аскерлери Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жүргөнүн аныктап чыккан. Басылма аны аскерлер турган жердеги «Максат айылы» жана «Анарбай ата» деген жазуулар менен негиздеген.

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36 киши, тажик тараптан 19 адам мерт болгон.

Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости