www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жабылып калган иштер көп, ошолордун бири элдин кыжырына тийип турган Дача-СУ авиакырсыгы. Бул иш аягына чыкпай учурунда жабылып калган. Башкы прокурор Курманкул Зулушев: “Биз сөзсүз түрдө Дача-СУ, Түштүк-Түндүк алтернативдүү жол, Ысык-Көлдөгү атмайдан, Датка-Кемин электр берүүсү жана башка ушуга окшогон 10 чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштерин, логикалык жыйынтыгына алып келебиз” – деди. 2017-жылдын 16-январында эртең мененки саат 7:31де Өзгөчө кырдаалдар министрлигине учактын кыйрашы боюнча билдирүү келип түшкөн. Boeing 747  аэропортко жакын жердеги Дача – СУ айылына кулаган. Кырсык 39 кишинин өмүрүн алып, 15 кыргызстандык жабыркап, 23 үйдү жараксыз абалга келтирди.

Бул кырсыктан кээ бирөөлөр ата-энесиз калса, кээ бир адамдар баласынан айрылып, ал эми темир канаттын алдына бүтүндөй бир үй-бүлө калышып, канчалаган адамдар, наристелер капысынан бейажал өлүмгө дуушар болгон. «Кырсык каш кабактын ортосунда» - дейт бул кырсык бир гана кыргызстандыктардын жүрөгүн титиретпестен, миллиондогон кайдыгер эмес адамдардын сай- сөөгүн сыздаткан. Ушундай оор кырсыкты угушкан буту жеткен адамдар бул жерге жетип барышып, учактан талкаланган айылга колунан келген көмөктөрүн көрсөтүшкөн. Кырсыкты угушкан өкмөт тез аранын ичинде темир канат кулаган жерге жетип барышып ар ким өзүнө тиешелүү тармактарда жардамдарын бере баштаган. Алсак, ал кезде Кубатбек Боронов жетектеген Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын кесепетин жоюу үчүн, шашылыш өрттү өчүрүшүүгө камылга көрүп, темир канатттын алдында калган жазыксыз аркы дүйнөгө кеткендердин сөөктөрүн алып чыгууга киришсе, саламаттыкты сактоо министрлигинен барышкан дарыгерлер жаракат алгандарга жардам бере баштаган. Иликтөөлөрдөн жыйынтыгы менен Сокулук районундагы Дача-СУ айылына учак кулаар алдында  экипаждын мүчөлөрү катуу урушкан экен. Бул «Манас» аэропортунда аларды тосуп алган радардын жаңылыштыгынан улам деген пикирге да келишкен. Кызык, дүйнө жүзү боюнча жылына миллиондогон учак аэропортко жөн эле конуп жатат. Бул жерде радарга күнөөнү жүктөгөндөн көрө учактын экипажы «Манас» аэропортуна мурун келбегендиктен, ал жердин шартын билбеген болсо керек. Анткени, аба кемесинин экипажынын мүчөлөрү Түркиянын жарандары болгон. Капитаны Ибрагим Гюржан Диранжи, экинчи пилот Казым Ондул, андан башка  Мелих Ослан менен Ихсан Кожа. Учактын техникалык мүнөздөмөсү төмөнкүдөй: учак 2003-жылкы, 124 тонна жүктү көтөрө алмак, 5 миң 230 км жерге уча алат, 922 км ылдамдыкта жүргөн.

2017-жылдын январында болгон оор кырсыкта «Ата-Мекен» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин юристи Түркияга учуп бараткан Boeing 747  учагы менен ошол кездеги Кыргызстандын президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин жүгү келе жаткан деп чыккан. Ал жүк болбогондо учак түз эле Түркияга учуп кырсык болмок эмес дешип. Буга жини келген Атамбаев февралда Белизден учуп келген Текебаевди Сегизбаевдин УКМКсы менен каматып, мойнуна 1 миллион доллар жүктөп койгон. Ал кездеги президенттин Башмыйзам боюнча да, Кыргызстандын жараны катары да адамкерчиликти сактап, Дача-СУда болгон кырсыкка баруу эң биринчи милдети болгон. Эл күткөн президенттин Дача-СУдагы кырсык болгон жерге барбай коюшу, ошол кырсыкты угушуп, капа болуп жаткандарды бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан кыжырын келтирген. Атамбаев президент болуп туруп барбай койгону анын жүктөрү үчүн күйүп-бышып, каза болгон элине кол шилтеп койгонундай сезилген. Президенттин шайлоочулар жапа чегип жатса, бул ааламатка кыргыз элинин ичи күйүп турганда Кыргызстандын президентинин кырсык болгон жерге барып, эл менен азаны тең бөлүшүп турганы элдик экенин көрсөтүп, анын келечегине балта чапмак эмес. Атамбаевден кыйын президенттер Владимир Путин жана башкалар кырсык болгон жерге жетип барышып, эл менен кошо кайгысын бөлүшөт. Башмыйзамдын кайсы беренесинде ушундай ааламат учурунда Президенттин чет мамлекеттен келген азаны тең бөлүшүү телеграммалары менен чектелип, кырсык болгон жерге барбай койсун деп жазылды эле? Мындай оор кырдаалдарда мульти-миллионер президенттин кырсык болгон жерге барбай коюшунун себеби эмнеде?

  1. Мындай өзгөчө оор кырдаалдарда экс-президенттин барбай коюшунун башкы себеби, анын Кыргызстанда жоктугу себеп болмок. Бирок, чет мамлекеттен келери менен ал кырсык болуп жаткан жерге сөзсүз барыш керек эле. Ошол кездеги фактыларга таянып, ачык айтканда экс-президент чет мамлекетке иш сапары менен кетпестен Кыргызстанда болгон. Кыргызстандын борбору Бишкек менен Дача-Сунун ортосу анчалык алыс эмес. Кудай сактасын, бирок кырсык Кыргызстандын алыс бурчунда болгон күндө да экс-президент барып коюуга милдеттүү эле.
  2. Балким экс-президенттин өтө экстрендүү иштери бар чыгар. Жакындарынын той-топурунда, ашында жүргөндүр. Ал деле узакка созулмак эмес, ошончолук кыйбас иштер болгондо да, ал бүткөн соң барып койсо болмок.
  3. Саламаттыгынын алсыздыгынан  ден соолугу начарлап тургандыр. Анда анын ден соолугунун камын көргөн дабагерлер ден соолугу начар экенин билдирген медициналык справканы жарыялашмак. Экс-президенттин ден соолугу тууралуу медициналык справкалар жарыяланган эмес.
  4. Дагы бир себеп болушу мүмкүн. Уккан элдин бары кайгырган мындай окуяга алкоголизмдин акыркы стадиясындагы адамдар гана кайдыгер болушса керек. Алкоголизмдин акыркы стадиясында адамдар эс-дартын жоготушуп, бардык нерсеге кош көңүл болуп калат. Анткени, көпчүлүктү кайгырткан бул окуяга арак ичип жаткан топ да кайдыгер карабастан, кызуу талкуулап, канаты болсо учуп жеткиси келип тургандыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости