www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев министрлер кабинетинин төрагасынан мамлекеттик ипотека боюнча канча үй курула турганын сурады.

Акылбек Жапаров бюджетте Мамлекеттик ипотекалык компаниясына 2 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты. Бирок быйыл президент 10 миллиард сом табуу тапшырмасын койгон. Анын айтымында, учурда каржылоо булактары изделип жатат.

«Бүгүнкү күндө Бишкектеги Скрябин көчөсүндөгү үйлөр курулуп бүттү. Башкы прокуратура дагы бир чоң  үй куруп жатат. Батирлердин жарымы социалдык кызматкерлерге берилет», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Дастан Бекешевдин айтымында, буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания борбордо 7 миң үй курарын билдирген.

Белгилей кетсек, марттын ортосунда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын акциялары президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости