www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Саясат таануучу кечээ, 9-июнда, каза тапты. Кечээ ал УКМКнын тергөө абагынан эс учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.

Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратты. Анда 19-майдан 9-июнга чейин саясий серепчинин адвокаттары аны медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылбаганы белгиленген.

Эске салсак, Казакпаевге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылып, былтыр кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген Марат Токтоучиков колго түшүрүлгөн.

Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости