www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" аэропортунан жасалма паспорт менен Непалдын үч жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

"9-июнда "Манас" аэропортуна Бириккен Араб Эмирлигинен Шарджа — Бишкек авиакаттамы менен чет элдик жарандар келишкен. Паспорттук текшерүүдөн өтүп жатканда алар чек арачыларга Индонезиянын паспортун көрсөтүшкөн. Чек ара кызматы текшерип жатып документтердин жасалма экенин аныктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Сурамжылоо учурунда мамлекеттик чек араны бузгандар Непалдын жарандары экени белгилүү болгон. Тинтүү маалында алардын жанынан дал ушул мамлекеттин паспорттору табылган.

Протокол түзүлгөндөн кийин кармалгандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости