www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мейманды жылуу кабыл алып, БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары кызматына экинчи ирет дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

Президент Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо, глобалдык социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө жана дүйнөдөгү эң маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуудагы маанилүү ролун белгиледи.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Кыргызстан БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгын белгилеп жатканын эске салып жана буга байланыштуу Башкы катчы Антониу Гуттериштин куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал БУУнун Борбор Азиядагы Контртеррористтик башкармалыгынын регионалдык жаңы координаторунун дайындалышына, БУУнун Борбор Азия үчүн глобалдык Контртеррористтик стратегиясынын алкагында биргелешкен иш аракеттер планы боюнча долбоор жана милдеттерди координациялоо мандаты күчтөнгөнүнө көңүл бурду.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы өткөн жылы 16-декабрда Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы быйылкы жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялаган резолюцияны кабыл алганына токтолду.

«Бул жылды тийиштүү деңгээлде өткөрүү максатында быйыл Кыргыз Республикасы 2023-2027-жылдарды „Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы“ деп жарыялоо жөнүндөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын резолюциясынын долбоорун сунуштап, аны илгерилетүүгө киришти. Биздин мамлекет тоолуу өлкө болгондуктан, бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашуусуна өзгөчө маани берет», — деди Садыр Жапаров.

Президент сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумасынын алкагында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо, алардын ири коалициясын түзүү, тоолуу региондордун көйгөйлөрүн чечүү, алардын өнүктүрүү фондун түптөө, тоолуу региондордо сооданы өнүктүрүү, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, туруктуу энергия менен камсыз кылуу жана заманбап технологиялар менен инновацияларды аларга жеткиликтүү кылуу жаатында бир катар программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга тийешелүү бир катар демилеглерди сунуштоо пландалып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын биринчи орун басары жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттериштин саламын жолдоду.

Өзүнүн сапарынын максаты тууралуу Мамлекет башчысына кыскача айтып бериди, анын башкысы Кыргыз Республикасы менен БУУ ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү.

Амина Мохаммед Садыр Жапаровду Кыргызстандын Уюмдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады.

БУУ Башкы катчысынын орун басары Кыргызстандын улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги ишине канаатанганын билдирди.

«Биз сиздин туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча программаңызды толук колдойбуз. Биз сиздин өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык аракеттериңизди колдойбуз», — деди ал.

БУУнун Башкы катчысынын орун басары ошондой эле Кыргызстандын канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен талашын тынч жолу менен жөнгө салуу аракетин кубаттады.

Сөзүнүн соңунда Амина Мохаммед Президент Садыр Жапаров башында турган кыргыз делегациясы ушул жылдын ноябрында өтө турган климат боюнча кийинки саммитке катышарына үмүт артты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости