www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов менен мурдагы вицепремьер-министр Артем Новиков коронавируска каршы вакцина сатып алуу иши боюнча суралат. Бул тууралуу 4-июнда Октябрь райондук сотунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы тандалып жаткан учурда белгилүү болду.
Бейшеналиевдин жактоочусу Кайсын Абакиров прокурордон кылмыш ишинин материалдарында аты аталган Новиков менен Мариповго кандай чара көрүлөрүн сураган.
Прокурор алардын иш-аракетине юридикалык баа берилерин айткан. Башкы прокуратура коронавируска каршы вакцина сатып алууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.
Анын алкагында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков кармалган.
Соттун чечими менен Бейшеналиев менен Ишенапысова 2-июлга чейин камалса, Бектурганов 2-августка чейин камакта болот. Ал эми Сатарбеков үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg