www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев 2025-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу жылдык отчетун сунуштады.
Башкы прокурор өз баяндамасында мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктарына токтолду. Ошондой эле мыйзам бузууларды аныктоо, аларды жоюу, келтирилген зыянды өндүрүү жана мамлекеттик менчикти кайтаруу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар тарабынан коомдо орун алган олуттуу маселелер боюнча суроолор көтөрүлүп, аларга жүргүзүлүп жаткан иштер, кабыл алынган чаралар жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири жооптор берилди.
Жыйынтыгында мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу жылдык отчет жактырылды.