www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл көп чогулган жерлерде уурулук кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, 30-январь күнү саат алтылар чамасында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде 150 миң сомдук «iPhone 17 Pro Мах» үлгүсүндөгү телефонун уурдаткан.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, 2000-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө учурунда анын мурда бир нече жолу соттолгону, ошондой эле ИИМде кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, чөнтөкчү катары каттодо турганы жана издөөдө жүргөнү аныкталган.

Шектүү уурдалган төрт уюлдук телефонду тапшырган.

Тергөө жүрүп жатат.

Последние новости