www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурордун орун басары З.Акназаров БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Афганистан, Борбордук Азия, Иран жана Пакистан боюнча аймактык өкүлү Оливер Штольпе мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу, коррупциянын алдын алуу жана аналитикалык ыкмаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар коррупцияга каршы аракеттенүү, укук колдонуу практикасын күчөтүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы боюнча милдеттенмелерди аткаруу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, өз ара кызыкчылык туудурган практикалык иш-чараларды ишке ашырууда БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
