www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сенатордун айтымында, Байден "бөлүнүп-жарылуунун үрөнү" болушун каалаган эмес.

АКШдагы Демократиялык партиянын мүчөлөрүнүн ичинде Камала Харристин президентикке талапкерлигинен улам пикир келишпөөчүлүк, ажырым башталды. Бул туурасында сенатор Алексей Пушков Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.

"Башталды. Демократтардын ортосунда ажырым пайда болду. Эгерде Камала Харрис шайлоодо жеңип калса АКШдагы бир топ маанилүү адамдардын электен өтөрүн айтып жатышат. Кыязы, алар талапкерди олуттуу кабыл албай койгон "элиталардын администрациясындагылар" болсо керек, — деп белгилеген Пушков.

Сенатордун айтымында, Байден дал ушул нерсени, "бөлүнүп-жарылуунун үрөнү" болушун каалаган эмес.

"Харристин талапкерлигин демократтардын көбү жактыра бербейт. Бул, албетте, ага (Дональд Трампка — ред.) өтө пайдалуу", — деген сенатор.

Буга чейин Wall Street Journal газетасы америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып, эгерде Харрис мамлекеттин башына келсе азыркы администрациядагылардын бир тобу отставкага кетиши ыктымалдыгын жазган.

Булардын ана башында президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана Пентагондун башчысы Ллойд Остин турушу мүмкүндүгү айтылган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости